Өлкөнүн туристтик аймактарын көрсөтүүчү онлайн-портал ишке кирди

Эл аралык тоолор күнүнө карата Кыргызстандын аймактары боюнча заманбап санариптик жол көрсөтүүчү Nomad.kg туристтик онлайн-порталынын расмий презентациясы “Кабар” маалымат агенттигинде өттү.

Онлайн-порталдын авторлорунун бири Гамал Соронкулов билдиргендей, башкы максаты – долбоорду Кыргызстан боюнча саякаттоо үчүн керектүү бардык маалыматты бириктирген негизги санариптик платформага айлантуу.

“Бул онлайн-портал тууралуу иштин башталганына туура 6 жыл болду. Биз азыркыга чейин буга окшогон эки долбоорду ишке ашырдык. Биздин команда бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өлкөнүн көп аймактарын кыдырып, жалаң эле кооз табиятын, жаратылышын эмес, ал жердин тарыхын, туристтик потенциалын ачканга аракет кылып, көп маалыматтарды топтодук жана топтоп жатабыз.

“Талас тарыхтан башталат” деп долбоорду биринчи Талас облусунан баштап, аймактагы туристтик объектилерди, тарыхый жайларды киргиздик. Биздин долбоор коммерциялык эмес, ачык онлайн болгондуктан каалаган адамдар, өзгөчө туристтер кирип 3 тилде маалымат ала алышат. Учурда Таластагы тарыхый жайларда реконструкциялоо иштери жүрүп жаткандыктан “Манас Ордо” менен Шекер айылы азырынча долбоорго кире элек. Курулуш иштери аяктагандан кийин бул объектилерди кошобуз”,- деди Соронкулов.

Маалым болгондой, бул долбоорго өлкөдөгү белгилүү жана анча таанымал болбой келген туристтик жана тарыхый жайлар киргизилмекчи. Мында портал аркылуу туристтер алдын ала кенен маалымат ала алышат.

«Кыргызстандын чоң туристтик потенциалын билебиз. Бизде болгону туристтик аймактар боюнча маалыматтар чачыранды. Ошонун бардыгын бир топко бириктире албай жүргөнбүз. Эми ушул долбоордо экология, тарых, жаратылыш сыяктуу бардык маалыматтар кошулуп, туризм багытына бир чоң база болуп жатат. Команда бирге иштешкенге, өнөктөштүккө ачыкпыз. Мүмкүн жер-жерлерден долбоорду дагы өнүктүрүү үчүн биз билбей турган сунуштар келип түшөт”,- деди долбоордун автору.

Белгилей кетсек, учурда порталда Талас облусу боюнча 25 маршруттук каттам камтылган. Долбоор тарыхчылардын, аймак таануучулардын, изилдөөчүлөрдүн жана өлкөнүн туристтик потенциалын изилдеген адистердин колдоосу менен ишке ашырылып жатканы маалымдалды.

11 Декабрь 2025 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча