Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды. Тиешелүү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 23-августтагы отурумда бир добуштан кабыл алды.
Аккулу Бердиев 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынан шайлоого катышып, 2020-жылдын октябрында мандат алган. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тараганга чейин депутат болуп иштеп, 2021-жылкы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 15-катарда катышкан.
Быйыл 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Мадумаров соттун чечимине 30 күн болгондо, 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ошол эле 26-апрель күнү соттун чечимин негиз кылып Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Административдик сот 20-майда ал арызды канааттандырган эмес. Ушул эле сот 4-июлда Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке каккан.
10-июлда Бишкек шаардык соту Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. Саясатчы чечим мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирген.