Мамкурулушта көп жыл эмгектенген адистер ардактуу эс алууга кетти

Агенттиктин Архитектура жана техникалык ченемдештирүү бөлүмүндө көп жылдан бери эмгектенип келген Алымкулов Болоткан Борончиевич жана Регулятивдик ишмердүүлүк бөлүмүндө иштеп келген Исманова Токонай Сейнабудиновна ардактуу эс алууга чыкты.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде Алымкулов Болоткан Борончиевичти жана Исманова Токонай Сейнабудиновнаны ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү. Иш-чарага борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. Эс алууга узап жаткан адистерди директор Мырзабек Жыпаркулов куттуктап, көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, бай тажрыйбасын жана билимин жаштар менен бөлүшүп келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Мамкурулуштун жетекчиси аларга чың ден соолук, бакубат жашоо каалап, атайын даярдалган белектерди тапшырды.

Өз кезегинде адистер жетекчиликке, кесиптештерине ийгиликтерди каалап, ой-тилегин айтып, батасын берди.

2 Ноябрь 2023 жыл 18:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча