Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө мораторий кирди

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын көбөйтүүгө убактылуу тыюу салынды. «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган жарлыкка ылайык, 2024-2026-жылдар аралыгында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын көбөйтүүгө жана кызматкерлеринин айлык маяналарын жогорулатууга тыюу салынды.

Жарлыкта бул чара мамлекеттик бюджеттин акчасын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында көрүлүп жатканы жазылган.

Бюджет кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү же мамлекеттик мекемелерге кошумча кызматкер алуу — өзгөчө учурларда — президенттин өзүнчө чечими менен гана жүргүзүлүүсү мүмкүн.

Жарлыктын аткарылышына көзөмөл кылуу президенттин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнө жана министрлер кабинетине жүктөлдү.

Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы акыркы жолу 2022-жылы август айында көтөрүлгөн.

9 Сентябрь 2024 жыл 10:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча