«Манас» аэропортуна барчу альтернативдик жаңы жол качан бүтөт?

Борбор калааны «Манас» эл аралык аэропорту менен байланыштыра турган альтернативдик унаа жолунун курулушу уланууда. 

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө объектте курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Алсак, асфальт-бетон төшөөгө даярдык көрүү, инженердик коммуникацияларды тартуу жана бордюрларды орнотуу иштери аткарылып жатат.

Курулуш иштерин ушул жылдын июль айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Жаңы жол транспорттук тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, аэропорт менен ыңгайлуу жана тез каттамды камсыздоого, ошондой эле азыркы иштеп жаткан жолго түшкөн унаа жүгүн азайтууга багытталган.

17 Июнь 2026 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча