«Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында аяктайт

«Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында аяктайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда аэрпорттун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

«Оңдоо иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. Муну менен биринчиден, учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт.

Экинчиден, ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги бере турган эң заманбап жарыктандыргычтар орнотулат.

Бул өз кезегинде учурда аба-ырайынын начарлоосунан учактар коно албай калган учурларды дээрлик жокко чыгарат.

Мисалы, азыркыдай бир аз туман түшсө башка аэрпортко кетирүү маселеси жаралбайт.

Кыскасын айтканда, аэропортубуздун учуп-конуу тилкеси эң жогорку талаптагы технологиялык жабдыктар менен жабдылып, замандын талабына шайкеш келет», — деди ал.

Алагөзов кийинки жылы «Ош» эл аралык аэропортунда дагы ушундай эле жумуштар аткарыларын белгилеп, курулуш иштери «Манас» ААК өздөрү тапкан каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

10 Апрель 2025 жыл 14:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча