Масалиев кең көчөсүнө веложол менен тротуарга асфальт төшөлүүдө

Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү менен кесилишкен Кара-Суу көчөсүнөн баштап Ж.Раимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун эки тарабына аллея курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, куруу иштерине 10го жакын атайын техника тартылып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар менен веложол дагы курулуп, жаңы жашыл аймактар түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, иштер мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык аткарылууда

11 Апрель 2025 жыл 17:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча