Матраимов Ташиевдин айтканы боюнча комментарий берди

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 2-ноябрдагы билдирүүсү тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди.

«Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да, андай болгон эмес», — деди ал.

Мунун алдында Ташиев билдирүү жасап, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда ири коррупциялык система түзгөнү үчүн соттолгон Райымбек Матраимовду «мафия» деп атаган.

“Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо, кичинекей гана “Матиз” машинаны минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же биздин ички саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек”.

Ташиев учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын кошумчалады.

Булак: Азаттык.

3 Ноябрь 2023 жыл 10:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча