MBANK: Сиздин бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр!

MBANK 25.10.2023-жылдан 01.02.2024-жылга чейин биздин банкоматтарыбызда Visa Business картасынын ээлери үчүн учурдагы эсепти жүргүзүү жана накталай акча алуу үчүн жакшыртылган шарттарды сунуштайт.

MBANKтын миссиясы — ар бир жеке ишкер жана юридикалык жак үчүн бизнести ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу.

Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар ​​үчүн эсепти жүргүзүү — толугу менен АКЫСЫЗ.

Жеке ишкерлер үчүн бардык банкоматтардан накталай акча алуу дагы — КОМИССИЯСЫЗ!

MBusiness тиркемеси аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү колдонууну, төлөм үчүн онлайн эсеп-дүмүрчөктөрдү берүүнү жана акча операцияларын жүргүзүү процессин жеңилдетүү жана тездетүү үчүн ELQR аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууну сунуштайбыз.

MBANK сиздин финансылык операцияларыңызды жөнөкөйлөтүүгө жана жакшыртууга умтулабыз. Эсепти жүргүзүүнүн жана акча каражаттарын накталай берүүнүн жаңы шарттары бул багыттагы дагы бир кадам болуп саналат.

MBusiness — акылдуу ишкерлер үчүн акылдуу банкинг.

30 Октябрь 2023 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча