MCN coin криптоактиви ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Юруслан Тойчубековго Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып тагылды.
Юруслан Тойчубеков 2015-жылы Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигин жетектеп турганда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн сом салык түшпөй калган деп айыпталган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага өлкө ичинде, андан кийин эл аралык издөө жарыялаган.
Ал 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, 2022-жылы ага козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негиз менен кыскартылган.
Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналып буга чейин эки адам камалган. MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.
Ал “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана элден кечирим сураган. Анын сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан.
УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.