Бүгүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда япониялык балбан Нонока Одзаки менен күч сынашып жеңишке жетти. Кыргыз балбаны бул жеңиши менен жарым финалга чыкты.
68 кг салмак ченинде күч сынашып жаткан Жуманазарова 1/8 финалда монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен кез келип, атаандашын 8:3 эсебинде жеңип алган.