Мектепте өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды

Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартыды.

Имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынды.

«Бактыга жараша жабыркагандар жок. Такталган маалымат боюнча актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

12 Апрель 2024 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча