Мектептерде сабак учурунда кол телефон колдонууга тыюу салынды

Кыргызстандын мектептеринде сабак учурунда мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынды. Мындай буйрук өлкөнүн бардык мектептерине жиберилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 1-радиого курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, ар бир класста кол телефондор үчүн атайын кутучалар болот.

Министрлик мектептерде окуучуларга сабак учурунда кол телефон колдонууну тыюу боюнча атайын токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, балдар мектепке кирген учурда кол телефонун үнсүз режимге коюп, класстардагы атайын кутучуларга салышы керек. Мобилдик телефонун колдонууга танаписте же чукул кырдаал жаралган учурда гана уруксат берилет.

10 Март 2025 жыл 15:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча