Мэрия ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөрүн эскертет

Бишкек шаарында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка 18-апрелде борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Суу жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында өчүрүлмөкчү.

19 Апрель 2024 жыл 9:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча