Милиция 13 жаштагы кызды 9 бала зордуктап жүргөн деген окуя боюнча үн катты

Чүй милициясы 13 жаштагы кызды 9 бала зордуктап жүргөн деген окуя боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, быйыл 23-январда 41 жаштагы аял кызы жоголгонун айтып кайрылган. Милиция секелекти 19 күндөн кийин, 11-февралда Сокулуктагы мейманканалардын биринен тапкан.

“Ал буга чейин да бир нече жолу үйүнөн чыгып кеткен экен. Кыздын көрсөтмөсү боюнча зордуктады делген балдар суракка алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет. Ата-энеси “милиция чара көбөй жатат” деп айтканы чындыкка дал келбейт”, — деп жазды Чүй ОИИБдин маалымат кызматы.

Иш ИИМдин жана облустук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүндө турганы белгиленди. Тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн топ түзүлгөнү кошумчаланды.

20 Март 2024 жыл 17:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча