Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын бир тууган иниси, Балыкчы шаарынын вице-мери Аманат Тукунов ырастады.
Анын сөзүнө ылайык, агасын Чүйдүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 17-апрелде кармаган.
Адвокаты Умар Молдобековдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, тергөөдө ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып тагылган. 19-апрелде Аламүдүн райондук сотунда бөгөт чарасы каралар алдында ал “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болгонун билдирди. Кылмыш иши Фейсбуктагы баракчасына 2021-жылы жазган билдирүүсү боюнча козголгону кабарланды.
Милиция Акжолтой Тукуновдун иши тууралуу комментарий бере элек.
Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.