Министр 12 жылдык билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча: Бул жерде улуттук кызыкчылык гана бар

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 12 жылдык билим берүү программасын ишке киргизүүдө улуттук гана кызыкчылык бар экенин белгиледи.

Депутаттар Билим берүү министрлигинин реформасын сынга алып, жаңы билим берүү программасын киргизүү туура эмес учурда жүрүп жатканын айтышты.

Депутат Надира Нарматова 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө окуучулар да, мугалимдер да, ата-энелер, мектеп,окуу китептери да даяр эместигин билдирди.

“Биз бир нерсе десек элдин сөзүн жеткиребиз, бирок бул министрге жакпайт. Балким сиз кимдир бирөөнүн, балким Батыштын буйругун аткарып жаткандырсыз”,-деди ал.

Өз кезегинде министр жаңы билим берүү программасын ишке ашырууда тышкы мамлекеттерден буйрук жок экенин белгиледи.

“Жаңы билим берүү программасын киргизүү — бул биздин президентибиздин талабы жана улуттук кызыкчылык үчүн гана”,- деди Кендирбаева.

Депутат Балбак Түлөбаев Билим берүү министрлигинин жетекчисин алдыга жылууга чакырып, бул жаңы программаны колдоорун билдирди.

12 Март 2025 жыл 13:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча