Министр Текебаев Нарын-Баетов унаа жолундагы иштер менен таанышты (сүрөт)

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын-Баетов унаа жолуна барды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Текебаев министрликтин кызматкерлери менен жолугушуп, учурдагы даярдыктары жана иш- пландары менен жеринде таанышкан.

«Жол куруу башкармалыгынын кызматкерлеринин маалыматы боюнча 2023-жылдын планына ылайык “Капиталдык салымдар” беренсинен каралган акча каражатынын эсебинен «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №1 жол куруу-башкармалыгы Нарын-Баетов автожолунда бир катар иштерди аткарышкан.

Анда, Нарын-Баетов автожолунун 115-120-чакырымынын узундугу 500 метрге, туурасы эки четинен 2 метрге кенейтилген. Жолдуп четинен суу агып кетүү үчүн узундугу 660 метр жабык дренаж жасалып, суу өтүүчү түтүктөр 4 жерге орнотулуп, 5000 метрге шагыл төгүлүп жана тапталып жолдун пегизи даярдалган. Ал эми 9-14-чакырымында 330 метр, туурасы 5 метрге кеңейтүү иштери, кыянын кырын бийиктиги 6 метрге жапыздатып кесүү жумуштары аткарылган»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, апрель айында жогоруда аталган жол бөлүктөрүндө жолдун негизи асфальт төшөөгө даярдалып жана асфальт төшөө жумуштары «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №1 жол куруу-башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. 2024 -жылга Нарын-Баетов автожолунун 26 чакырымга асфальт төшөө жумуштары «Капиталдык салымдар» беренесинен пландалууда.

6 Март 2024 жыл 12:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча