Минкаб ChatGPT`ни кыргыз тилинде түзө турган суперкомпьютерлерди жаңыртат

КР министрлер кабинети быйыл суперкомпьютерлерди эң акыркы Nvidia линиясына жаңыртат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан «Digital Kyrgyzstan» эл аралык ПЛАС-форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал түшүндургөндөй, иштеп чыгуучулар тил корпусунун негизинде жана бул суперкомпьютерлердин жардамы менен кыргыз ChatGPT (чат-жипити) түзө алышат.

«Биз бул жаатта IT коомчулугу менен биргеликте иштөөгө ачыкпыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, КР президентинин администрациясы секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга мүмкүндүк берген кубаттуулугу 1 петафлопс болгон суперкомпьютерди сатып алган. Натыйжада Кыргызстандагы иштеп чыгуучулар кыргыз тилиндеги маалыматты иштеткен жасалма интеллект түзө алышты.

28 Февраль 2024 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча