Москвадагы кол салууда жоголгон кыздардын ДНК анализи чыга элек

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвадагы «Крокус Ситидеги» кандуу окуядан кийин дайыны табылбай жаткан эки кыргыз кызынын ДНК анализи тууралуу маалымат берди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 8-апрелдеги жыйынында ал ДНК анализи чыга элек он киши калганын айтты:

«Буга дагы бир аз убакыт керек го. Анткени каза болгондордун баарын тактап, он кишинин сөөгү тактала элек. Элчиликтин өкүлдөрү алардын туугандары менен бирге тергөөчүлөргө жолугуп жатышат. Бир-эки күндүн ичинде так билинип калат”, — деди Кулубаев.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандык эки кыз — Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги министрликтин сайтына жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизасы бүтө элек жарандар боюнча маалымат камтылганын белгилеп, кыздарды каза болду деп айтууга азырынча эрте деп билдирген.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт кылмышкер туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча терактта 140тан көп адам мерт болду, жараат алгандардын саны 500дөн ашты.

8 Апрель 2024 жыл 17:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча