Москвадагы “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери ал өлкөдөгү тийиштүү органдар менен бирге 18-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга («Сахарового») барышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Элчиликтин кызматкерлери борбордун жетекчилиги менен ал жердеги кыргызстандыктардын укугун коргоо, мекенине кайтаруу маселелерин талкуулашты.

Учурда ал борбордо 75 кыргызстандык (мунун ичинен жетөө аял) кармалып турат. Элчиликтин кызматкерлери укуктук кеңеш берип, суроолорго жооп беришти. Алар борбордун кармоо шартына нааразылыгын айткан эмес.

20 Февраль 2025 жыл 10:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча