Москвадагы теракт боюнча теги борборазиялык дагы үч киши кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) «Крокус Сити Холлдогу» терактка байланыштуу дагы үч киши кармалганын билдирди. Мекеменин 4-апрелдеги маалыматына караганда, алар Москва, Екатеринбург жана Омск шаарларынан кармалды.

Үчөө тең Борбор Азиядан баргандар, бирөөнүн орус жарандыгы бар экени кабарланды.

Алардын экөө кол салгандардын курал-жарак жана машина сатып алуусу үчүн акча которгон, үчүнчүсү жардам бергендерди азгырып, кылмыштын аткаруучуларын каржылаган деп шектелүүдө.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити Холл” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. 3-апрелге карата маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар кеминде 380 адам.

Кылмышка шектүү катары 11 киши кармалганын ФСБ кабарлаган, алардын 10у камакка алынган. Эки айга камалгандардын сегизи теги тажикстандык, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болгон.

5 Апрель 2024 жыл 9:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча