
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жигердүү аракетинин натыйжасында Россиянын ИИМдин кызматкерлери Кыргызстандын жаранын кармашты. Ал кылмыш жасагандан кийин, изин жашыруу үчүн 17 жыл мурда Россиянын аймагына кетип калган.
2008-жылдын апрелинде шектүү түнкү маалда жергиликтүү жашоочунун үйүнө кирип оор кылмыш жасаган.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш жасаган 1972-жылы туулган З.А. аттуу жаранга карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Издөөдө жүргөн жаран кармалып, Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Азыркы учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө.
Жогорудагы издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам маалыматынын негизинде такталган.
2025-жылдын ушул мезгилине чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен Россиянын аймагында жашырынып жүргөн 31 издөөдө жүргөн жаран, анын ичинен 10 мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөр аныкталып кармалганын белгилеп кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Россия Федерациясынын укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланып, жашырынып жүргөндөрдү аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.