Мушкер Камил Шар өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болду

Араб Эмиратынын Аль-Айн шаарында өтүп жаткан бокс боюнча 14 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык өспүрүмдөр бир алтын, эки күмүш жана жети коло байгеге ээ болушту.

Алтын медалга 67 килограммга чейинки салмакта Камил Шар ээ болду. Азиянын бокс конфедерациясынын Фейсбуктагы маалыматына таянсак, Камил Шар финалда украиналык Юнус Халиковду жеңди.

Финалга чейин Камил эки атаандашын уткан. Алгач чейрек финалда ирандык Мохаммад Хоссейинзадени, жарым финалда өзбекстандык Мухаммадризо Холдаровду жеңген.

Күмүш байгелерди 70 килограммдан жогорку салмакта Назарбай Кендирбаев жана 52 килограммга чейинки салмакта Ризван Исаев алышты.

Коло байгелерге Ташкул Амангелдиев (- 35 кг), Жасурбек Икромидинов (- 37 кг), Ариет Санжарбеков (- 40 кг), Муслим Паншер (- 43 кг), Нурсултан Жумалиев (- 46 кг), Темирлан Абыталиев (- 55 кг) жана Улукбек Абдуманбетов (- 64 кг) ээ болушту.

9 Сентябрь 2024 жыл 9:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча