Нарында банкоматта кезекте турган кызды сабаган жаран кармалды

Нарында банкоматта кезекте турган кызды сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын тургуну 20 жаштагы К.А. «102» номерине чалып, бейтааныш адам аны эч себепсиз уруп-сабаганын билдирип, ага карата мыйзамга ылайык чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Арыз ээси А.К.га соттук-медициналык экспертиза дайындалып, толук кандуу териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган С. у.Ж. кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

15 Ноябрь 2023 жыл 10:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча