Ноокатта электр энергиясын туура эмес эсептөөдөн 4,8 млн сом зыян келтирилген

Ноокат райондук электр тармактарында электр энергиясын керектөө көрсөткүчтөрүн жасалмалоо фактысы аныкталды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анда ишкананын кызмат адамдары 2025-жылы райондогу сегиз айыл өкмөтүнө караштуу бюджеттик мекемелердин электр энергиясын керектөө көрсөткүчтөрүн бурмалап, мыйзамсыз актыларды түзүшкөнү аныкталган.

Документтерге иш жүзүндө пайдаланылбаган 1 млн 218 миң 365 кВт/саат электр энергиясы киргизилип, мамлекетке 4 млн 826 миң 127 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

11 Август 2026 жыл 15:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча