Өлкөдө көмүр сатуу 12-августта башталды. Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сомдон ашпайт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ААКтын башкы директору Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкек жана Чүй облусуна көмүр Кара-Кече кенинен жеткирилүүдө.
Көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте белгиленген. 7 миң сомдук баага көмүрдү казуу, жеткирүү, көмүр базаларынын чыгымдары жана кызматкерлердин эмгек акысы кирет.
Чүй облусунда баа жеткирүү аралыгына жараша өзгөрөт. Мисалы, Токмокто бир тонна көмүр 6 миң 700 сом, ал эми Кара-Балтада 200–300 сомго кымбатыраак сатылат.
Мындан тышкары, Миң-Куштагы Ак-Улак көмүр кенинде даярдоо иштери жүрүп, жакын арада көмүр ташылып келери айтылды.