Бишкек мэриясы борбор калаада жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын унаа жолдорунда жүрүүсүнө киргизилген убактылуу чектөө күчүндө экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, чектөө 20-майдан 1-октябрга чейин, күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын температурасы +28 °C жана андан жогору болгон учурда күчүндө болот.
Бул чаралар жолдун асфальт-бетон жабуусун сактоо, анын мөөнөтүнөн мурда бузулушуна жол бербөө жана муниципалдык унаа жолдорунун пайдалануу мөөнөтүн узартуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
«Чектөөлөр күчүндө болгон мезгилде оор жүк ташуучу транспорттун кыймылын мүмкүн болушунча аба ырайынын температуралык режимин эске алуу менен алдын ала пландаштырып, сапарларды белгиленген убакыттан тышкары аткаруу сунушталат»,-деп айтылат