Президент мамлекет күйүүчү майдын баасын кескин жогорулатпоого аракет кылып жатканын айтты

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын мүмкүн болушунча туруктуу кармап туруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, субсидия берилүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу күйүүчү майдын баасы өсүп жаткан шартта Кыргызстанда бааны кескин көтөрбөөгө аракет жасалууда.

«Биз аны бюджеттен субсидиялап жатабыз. Мейли 89 сомдон турсун, мейли 90 сомдон турсун, калганын бюджеттен берели деп жаап жатабыз», — деди президент.

Президент Кыргызстан учурда күйүүчү май жана газ боюнча импортко көз каранды экенин белгилеп, өлкөдө өз мунайын өндүрүүнү жана кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын айтты.

14 Август 2026 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча