Бүгүн, 14-августта саат 12:30 чамасында Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталганын Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Kia K5» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу батышты көздөй бара жатып, Тыныстанов көчөсү менен кесилишкенден кийин каптал көчөгө оңго бурула баштаган. Бул учурда «Mercedes-Benz» автобуска ылайыкталган тилке менен бара жаткан. Унаалар кагылышып, андан соң «Mercedes-Benz» бакты сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен анын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган. Алар тез жардам унаасы менен медициналык мекемеге жеткирилди.
Эки унаа тең айып короого токтотулду. Соттук экспертизалар дайындалды, тергөө уланууда.