Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Токтом маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат.
Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен Кыргызстандын аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын айлануу эрежелери бекитилди.
Токтомдо пиротехникаларды сатууга карата катуу чектөөлөр белгиленген. Ага ылайык, пиротехниканын кандай гана түрү болбосун, аларды сатууга эми атайын адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана уруксат берилет.
Ошондой эле пиротехникалардан чыккан ызы-чуунун жана үн басымынын белгиленген деңгээлден ашуусуна төмөнкү убактарда тыюу салынды:
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.