Баткен районунда аты менен көпүрөдөн өтүп баратып Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага ылайык, кырсык 10-августта Чоң-Кара айылында болгон. Бүгүн издөө иштерине 52 адам тартылды. Дарыянын аймагы үч дрон менен да каралып жатат.
Жергиликтүүлөр аттын тарпы табылганын айтышууда.