Кыргызстандын башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өтүп, анда кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Жыйынга министр Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Виктория Мозгачева катышты. Анда Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп буга чейин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүн жетектеген Бактыгүл Акулова дайындалганы маалымдалды.
Министр кесиптик лицейлерди лицензиялоо, жатаканалардын ишин жөнгө салуу, окуу жайлардын аймагын жашылдандыруу жана санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле окуучулардын стипендиясын жогорулатуу, кесиптик лицейлердин аброюн көтөрүү, окуучуларды кабыл алуу жана алдыдагы улуттук форумга даярдык көрүү боюнча тапшырмалар берилди.