Бишкекте 11 көчөдө оңдоо иштери аяктады

Бишкекте көчө-жол тармагын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда борбордун бир катар көчөлөрүндө жолдор жана тротуарлар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ирригациялык тармактар орнотулду.

Атап айтканда, Клинск, Левонев, Мессарош, Аска-Таш, Широкая, Москва көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектисинде, Алтын-Ордо конушунда, ошондой эле 7-кичи район жана Көк-Жар кичи районунда тиешелүү иштер аткарылды.

Мындан тышкары, жолдор менен катар жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жаңыланып, жашыл аймактарды сугарууга шарт түзгөн ирригациялык тармактар курулду.

Көчө-жол инфраструктурасын жаңылоо иштери мындан ары да улантылат

13 Август 2026 жыл 16:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча