Бишкек жана Чүйгө Кара-Кечеден майда көмүр жүктөөгө жол берилбейт. Себеби

Бишкек жана Чүй облусуна Кара-Кечеден майда көмүр жүктөөгө жол берилбейт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ААКтын башкы директору Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, көмүрдү алдын ала сорттоо үчүн үч мобилдик комплекс иштеп жатат. Кесек көмүр Бишкек жана Чүйгө жөнөтүлүп, майда көмүр Бишкек ЖЭБине берилүүдө.

Садыралиев көмүр ташуу учурунда анын 5-10 пайызы майдаланып кетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Учурда Токмоктогу кампада 700 тоннага жакын, ал эми Бишкектеги базаларда 700-800 тоннага жакын көмүр бар.

13 Август 2026 жыл 11:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча