Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттап, айрымдары арзандады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда азык-түлүккө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында картошка 2,7%, пастерленген сүт 0,8%, жумуртка 0,6%, бөлкө нан 0,3% кымбаттаган.
Ошол эле учурда каймак май 1,9%, баш пияз 0,9%, уй эти 0,4%, кой эти 0,1% арзандаган. Калган товарлардын баасында өзгөрүү болгон эмес.
Салыштыруу үчүн Казакстан жана Россиядагы баалар да талданган. Казакстанда пияз 3,1% кымбаттап, картошка 1,8% арзандаган. Россияда кант 1,3% кымбаттаса, картошка 2,8%, сабиз 2,4% жана пияз 1,1% арзандаган.