13-августта Нарын облусунун Ат-Башы районунда чет элдик туристке жардам көрсөтүлдү.
ӨКМден билдиришкендей, «Пик Данкова» чокусу тарапта мотоцикли менен калып калган П. К. А. аттуу Нидерланд Королдугунун жараны жардам сурап кайрылган.
Окуя болгон жерге Ат-Башы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, туристке тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Куткаруучулар туристти коопсуз жерге түшүрүп, анын мотоциклин да тоодон коопсуз алып түшүп беришти.
«Турист куткаруучуларга көрсөтүлгөн жардамы жана ыкчам иш-аракети үчүн терең ыраазычылык билдирип, Ат-Башы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерине видеокайрылуу аркылуу өзүнүн жылуу каалоо-тилектерин жолдоду»,-деп айтылат маалыматта.