Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтан жаңыланып, жарык-музыкалык система менен жабдылды

ишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтан жаңыланып, жарык-музыкалык система менен жабдылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун шаар мэри Айбек Жунушалиев Жаштар аллеясындагы көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, жаңыланган фонтандын техникалык ачылышына катышты.

Фонтанга заманбап суу тазалоочу жана жалбырак чогултуучу жабдуулар орнотулуп, «бийлеген» суу эффекттери менен коштолгон жарык-музыкалык система ишке киргизилди.

Ошондой эле филармониянын түндүк жана түштүк тарабындагы дагы эки фонтан жаңыланды. Аймакта ирригация жана тышкы жарыктандыруу системалары модернизацияланып, видеокамералар, жаңы отургучтар жана таштанды челектери орнотулууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн алты пандус да орнотулууда. Мындан тышкары, филармониянын фасады жаңыланууда.

Мэр подряддык уюмга аныкталган кемчиликтерди жоюп, иштерди толук бүткөрүүнү тапшырды.

12 Август 2026 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча