Кочкордо Ара-Көл – Оро-Башы жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Кочкор районундагы Ара-Көл – Оро-Башы унаа жолунун 5 чакырымына асфальт-бетон төшөлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун аталган бөлүгүн асфальттоо 2026-жылга карата титулдук тизмеге киргизилген.

Учурда №955 Жол эксплуатациялоо мекемеси иштерди бекитилген графикке ылайык жүргүзүп, жолго асфальт-бетон аралашмасын төшөөдө.

Жол Чолпон айыл аймагындагы Ара-Көл жана Оро-Башы айылдарын байланыштырат. Иштер аяктагандан кийин жол кыймылы үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.

12 Август 2026 жыл 10:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча