Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн коншу өлкөнүн жарандары кармалышты.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 6-август күнү Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү батирлеринин биринен, бир канча кылмаштарды жасап, эл аралык издөөдө жүргөн, Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Андижан шаарынын тургуну 1988-ж.т Х.Ж. кармалган. Ал өз мекенинде бир нече жолу соттолгону аныкталды. Акыркы ирет жарандарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук көрсөткөндүгү үчүн ал 2025-жылдын 31-декабрь күнү Өзбекстан Республикасынын КЖКнин 277-беренесинин 3-бөлүгү, 109-беренененин 1-бөлүгү, 219-берененин 2-бөлүгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошондой эле 2026-жылдын 7-август күнү Ош шаарынын Авиценна көчөсүндө Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында адам өлтүрүүгө шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн, Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун тургуну 1985-жылы туулган Т.У. кармалган, ал 2022-жылдын 25-июль күнү Өзбекстан Республикасынын КЖКнин 97-беренесинин 2-бөлүгү “Ж” жана “Л” пунктарында көрсөтүлгөн кылмыштарды кылмыштарды жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жеринен кармалып, Ош ШИИБдин УКЖна киргизилди.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалган жарандарды өз мекенинин укук коргоо органдарына өткөрүп берүу маселеси каралууда.