Токтогул шаарында тургундарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн суу түтүктөрүн шакекчелөө долбоору ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Долбоордун биринчи этабында диаметри 225 мм болгон полиэтилен түтүктөрү менен 4 чакырымдык жаңы суу тармагы тартылат. Иштер асфальт төшөлө турган жана оңдоп-түзөө пландалган көчөлөрдө биринчи кезекте жүргүзүлөт.
Шакекчелөө системасы суу басымын туруктуу кармап, авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана шаар тургундарын сапаттуу таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөт.