Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо качан аяктайт?

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери 2026-жылдын аягына чейин аяктайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бардык иштер бүткөндөн кийин станциянын кубаттуулугу азыркы 198 МВттан 216 МВтка чейин көбөйөт.

ГЭСти реконструкциялоо 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №3 жана №4 гидроагрегаттар жаңыртылып, алардын кубаттуулугу 9 МВтка жогорулатылган.

Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусундагы Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда жүргүзүлүп жаткан бул реконструкция негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы ири масштабдуу модернизация болуп саналат.

12 Август 2026 жыл 12:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча