Колумбиядагы жер титирөөдө каза тапкандардын саны 200дөн ашты

Колумбиядагы 7,4 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 224кө жетти. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн эң катуу жабыркаган аймактарында издөө-куткаруу иштери уланууда.

Эң көп курмандыктар Калиде катталган — 95. Перейрада — 72 адам, Валье-дель-Каука департаментинде — 38 жана Чокодо 13 адам каза болгон.

Куткаруучулар, полиция, аскер кызматкерлери жана ыктыярчылар урандыларды тазалап, аман калгандарды издөөнү улантууда. Бийликтер каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенин айтууда.

Белгилей кетсек, жер титирөө 10-августта Колумбиянын батышында болгон. Колумбиянын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, анын магнитудасы 7,4 балл болгон. Эпицентри Чоко департаментиндеги Сан-Хосе-дель-Пальмар муниципалитетинин жанында жайгашкан.

Жер титирөөлөр Кали, Перейра жана Манизалес сыяктуу бир нече шаарлардагы имараттарга зыян келтирди.

12 Август 2026 жыл 12:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча