Бүгүн, 12-августта Бишкек шаарындагы К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын талкуулоого арналган жолугушуу өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алтынбек Максутов, тарыхчылар, этнографтар, илимпоздор, маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүп, анын алкагында Бишкек Аренада, Курманжан Датка этнографиялык музейинде, Чолпон-Атадагы ат майданында, «Рух Ордо» маданий борборунда, «Дордой Номад» комплексинде жана Кырчын жайлоосунда кеңири маданий программа уюштуруларын белгиледи.
Өзгөчө көңүл Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасына бурулат. Анда улуттук музыка, театр жана фольклор, манасчылык, төкмө акындык өнөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш, каада-салттар, элдик оюндар жана этно-мода багытындагы иш-чаралар өткөрүлөт.
«Биз үчүн Кырчын — жөн гана этно шаарча эмес. Бул — кыргыз элинин тарыхы, руханий дүйнөсү, каада-салты, улуттук өнөрү жана жашоо философиясы жандуу көрсөтүлө турган өзгөчө маданий мейкиндик», — деди министр.
Ошондой эле программага өлкөнүн бардык облустары, Бишкек жана Ош шаарлары катышып, аймактардын тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрүн таанытышат. Чет мамлекеттердин маданий программалары жана чыгармачылык долбоорлору да сунушталат.
Жолугушууда Алтынбек Максутов «Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасынын концепциясын жана программасын тааныштырды. Тарыхчылар жана этнографтар программанын мазмуну боюнча эксперттик пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын негизги максаты — улуттук мурасты сактоо, аны заманбап шартта жандандыруу жана келечек муунга өткөрүп берүү.