Алдын ала маалыматтарга караганда, Нижнекамскидеги дрондордун массалык чабуулунан каза болгондор жана жабыркагандар арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен 13 киши каза болуп, дагы 39 адам жаракат алган.
«Кыргызстандын Казандагы Башкы консулдугу каза болгондордун жана жабыркагандардын жарандыгы тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн Татарстандын жана Россиянын компетенттүү органдары менен байланышта турат», — деп белгилешти ТИМден.
Маалыматтар дагы да такталууда.
Белгилей кетсек, РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украина Куралдуу күчтөрүнүн 10-августта Нижнекамскиге жасаган соккусунан Өзбекстандын сегиз жана Тажикстандын бир жараны каза болгонун, 20га чукул чет өлкөлүк жаран жаракат алганын кабарлаган. Сокку өндүрүштүк объектилерге да, жарандык имараттарга да тийген.