Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн жаран кармалды

Кадамжайда мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кадамжай РИИБдин Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери Ак-Турпак айыл аймагынын Торговый базарында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, шектүү катары ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунааны текшерген.

Автоунаанын айдоочусу Ак-Турпак айыл аймагынын Чоң-Гара айылынын 32 жаштагы тургуну М.Д. унаанын алдыңкы орундугундагы К-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды эч кандай документи жок, мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган.

Учурда ок атуучу курал алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

18 Март 2024 жыл 20:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча