Олимпиада-2024: Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшөт

Кыргызстандык 5-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан старт алган.

Жарым финалда Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын финалисти Кеничиро Фумита менен беттешти. Беттеш 4:3 эсебинде япониялык спортчунун пайдасына аяктады.

Шаршенбеков 6-августта коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы Кевин Юран Де Армас Родригес (Куба) – Мехди Мохсеннежад (Иран) жупунун жеңүүчүсү болмокчу.

6 Август 2024 жыл 1:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча