Орозо айт майрамында кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт?
Синоптиктердин маалыматына ылайык, 30-мартта Бишкекте аба ырайы күндүз +12 градуска чейин жылыйт. Күн ачык болуп, бирок ала булут каптап турат. Бул күнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми жума күнү, 28-мартта борбор калаада жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт.
Ошто 28-мартта жаан жаап, туман каптайт. Ал эми Орозо айт күнү аба ырайы ачык болуп, +14 градуска чейин жылуу болот.
Жалал-Абадда 28-мартта жаан жаап, күндүн биринчи жарымында туман түшөт. Абанын күндүзгү орточо температурасы +6 градус жылуу болот. 30-мартта аба ырайы ачык болуп, +16 градуска чейин жылыйт.
Баткенде 28-мартта күндүз жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Түнкүсүн термометр 0 градуска чейин төмөндөйт. Жума күнү түштөн кийин абанын температурасы +5 градус болот. Орозо айтта күн ачык болуп, +14 градуска чейин жылышы күтүлөт.
Таласта бүгүн, 27-мартта түнкүсүн жааган жамгыр карга айланышы күтүлөт. Карлуу аба ырайы ишемби, 29-март таңга чейин созулуп, жума жана ишембиге караган түнү термометр нөлдөн -2 градуска чейин төмөндөйт. Орозо айт күнү күн ачык жана жылуу болушу күтүлөт. Күндүз +10 градуска чейин суук болсо, эртең менен -2 градуска чейин төмөндөйт. Андыктан жылуу кийиниңиз.
Нарын шаарында бүгүн, 27-мартта катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Жаан-чачын күтүлбөйт. 28-мартта түнкүсүн кар жаашы күтүлүп, термометрдин көрсөткүчү -4 градуска чейин төмөндөйт. Ишембиде түнкүсүн кар жаап, абанын температурасы -5 градуска чейин төмөндөйт. Орозо айт күнү жалпысынан аба ырайы ачык болот.