№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 28-апрелде өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында 14-мартта жарыяланды.
Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлдү.
Министрлер кабинети шайлоону өткөрүү үчүн каражат бөлүп берет.
Президент Жапаровдун 4-марттагы жарлыгы менен №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо да 28-апрелге белгиленген.
БШК көп өтпөй бул округдардан шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлер арыздарын бере баштаганын билдирген.
Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 26-мартка чейин уланып, аларды каттоо 8-апрелге чейин жүрөт. Үгүт иштери 8-апрелден 27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алганын жарыялаган.
БШК 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.
15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.