Ош шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Ош шаарында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:11де Кыргызстандын аймагында күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош шаарында 5 баллга (Ош шаарынан 3 чакырым түндүктө) чейин сезилген. Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

12 Март 2025 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча